Кылмыш-кырсык

Ош облусунун Кара-Суу районунда бир түндө 12 баш бодо мал уурдаган шектүүлөр кармалды

2023-жылдын 16-ноябрга караган түнү белгисиз жарандар Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылынын 59 жаштагы тургунунун талаада жүргөн 6 баш бодо малдарын жашыруун түрдө уурдап кетишкен.

Бул факты боюнча, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган.

2023-жылдын 16-ноябрга караган түнү Кара-Суу районунун Жаны-Арык айыл аймагынын Жаны-Арык айылынын 65 жаштагы тургунунун ошол эле айылда үлүш жеринде байланып турган 6 баш уйларын белгисиз адамдар уурдап кетишкен.
Бул факты боюнча, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган.

Ош областтык ИИБнын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чаралардын жүрүшүндө уурдалган малдар жүк ташуучу автоунаа менен Баткен областынын аймагына ташылып кеткендиги белгилүү болгон.

Иликтөө иш чаралардын жыйынтыгы менен жогорудагы мал уурулук фактыларына катышы бар адамдар такталып, алар Кара-Суу районунун тургундары мурда бир нече жолу соттолгон, 1996-жылы туулган К.А., 1992-жылы туулган Б.Н., 1994-жылы туулган Ж.У., Кадамжай районунун тургуну 1985-жылы туулган К.Т., экендиги аныкталып, шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан УКЖга киргизилди.

Учурда, жогоруда кармалган кылмышка шектүүлөр дагы башка мал уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги боюнча ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button