Спорт

Бишкекте Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Кечээ, 24-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз жана советтик оор атлетчи, Европанын эки жолку жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери, КР эмгек сиӊирген машыктыруучусу, III даражадагы «Манас» орденинин ээси Каныбек Осмоналиевдин 70-жылдык маарекесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеши башталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкенде, мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине департаменттин директору Айбек Абдымомунов, Каныбек Осмоналиевдин кесиптештери жана санаалаштары катышты.

Эл аралык мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Нидерландыдан келген спортчулары катышууда.

Биринчи күндүн жыйынтыгы:

Эркектер арасында:

55 кг

1-орун Эрнис Бактыбеков (Ынтымак);

2-орун Бекбол Сарпашев (Талас РСК);

3-орун Турдубек Калыбеков (РСК).

61 кг

1-орун Эрбол Сарпашев (Талас РСК);

2-орун Эрбол Ансамурат уулу (Алматы РК);

3-орун Азизбек Болтаев (Өзбекстан).

Кыз-келиндер арасында:

45 кг

1-орун Айпаша Козлова (Ош шаары);

2-орун Айдай Амангелдиев (Ош шаары);

49 кг

1-орун Тумара Жапарова (Ысык-Көл);

2-орун Жайкал Кайымова (Ынтымак КТУ Манас);

55 кг

1-орун Шынар Жапар (Жамбыл РК);

2-орун Инсана Рашидова (Шымкент РК);

3-орун Айдай Курбанбек кызы (Бишкек шаары);

59 кг

1-орун Раушан Сүйинбек (Жамбыл РК);

71 кг

1-орун Айганым Жанболат (А-Атинск РК);

2-орун Бибинур Ысманова (Шымкент РК).

76 кг

1-орун Татьяна Мельниченко (Бишкек шаары).

81 кг

1-орун Мита Овервлиет (Нидерланды).

87 кг

1-орун Галина Куслина (РСК).

+87 кг

1-орун Сагыныш Атабай (Мангыстау РК).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button