Кеңеш

Эс албай иштөө ден соолук үчүн кооптуу экенин адис эскертти

Дарыгер Индира Алдосова адам өз убактысында эс алып турбаса ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин айтты.
Ар бир киши эки жумада бир жолу эс алуусу шарт экенин Индира Алдасова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мүмкүнчүлүккө жараша эки жумада бир жолу жаратылыш койнуна чыгып келүү жакшы.
«Кыргызстанда өнөкөт чарчоо синдрому деген аныктама коюлбайт. Чет өлкөлөрдө адам катуу чарчаганда атайын дарылоодон өтөт. Бизде болсо бул жагдайга көңүл кош мамиле жасалат. Адам эс албай эле иштей берсе ден соолугунда олуттуу оорулар жаралышы ыктымал. Мүмкүн болсо эки жумада бир жолу көлгө барып же тоого чыгып эс алып туруу зарыл. Мындай аракет менен ооруларды алдын алууга жол ачылат. Эс албай иштөө ден соолукка кооптуу. Башка мамлекеттегилер өздөрүнө бөлүнгөн, белгилүү бир саатта гана иштешет. Убактысынан ашып баратса эс алышым керек деп айтышат. Биз болсо көңүл бурбай иштей беребиз. Жыйынтыгында организм чарчап, эч нерсе кылгысы келбей калышы мүмкүн. Күн сайын эле окшош нерселерди жасай бергенден адам өзү тажап, жашоого болгон кызыгуу жоголот. Стимул, мотивация жок болуп калышы ыктымал. Ошондуктан күндөрдү окшош кылып өткөрбөгөнгө аракет кылуу зарыл. Эң аз дегенде үйдөн жумушка келген жолду алмаштырып туруу кажет. Жылдык отпусканы сөзсүз алыш керек. Эгер аны колдонгондон кийин деле чарчап турса, жетекчиликтен төлөнүп берилбей турган эс алуу күндөрүн суроо зарыл. Ошондой эле ар бир адам өзүнө жаккан иш менен алек болгону ден соолукка оң таасирин тийгизерин унутпоо шарт», — деди дарыгер.
Ал киши чарчаганын сезгенде массаж алуу пайда алып келерин кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button