Кеңеш

Улуу жылында дасторконго эмне коюуга болот? Адистин сунушу

Коен жылынын сапары карып, босогодо Улуу жылы турат. Кытай гороскобу боюнча, 2024-жыл – жашыл жыгач Улуу жылы болот. РИА Новости ал акылмандыктын, күчтүн жана бийликтин символу экендигин белгилеп, астролордордун айрым сунуштарын тизмектеген.
Чыгыш календарына ылайык, келерки жыл кызыктуу окуяларга бай болот.
Дасторконго коюуга сунушталган тамактар:

— кытайлыктар ажыдаарды берешендиктин символу деп аташат, андыктан дасторкон мол, түрдүү тамактарга толо жайылганы жакшы;

— негизги тамак эт же балыктан болгону оң. Ошондой эле менюга жаңгак кошууга болот. Ал — өмүрдүн, ден соолуктун жана байлыктын символу;

— кызыл түстөгү мөмө-жемиш: анар, кызыл алма, кулпунай;

— күрүч — байлыктын символу, андан жасалган салат же гарнир сунушталат;

— жашылча — өнүгүүнүн символу. Дасторкондо жашылчанын, айрыкча шпинат, петрушка, кинза болушу шарт.

Дасторконго эмне коюуга болбойт?

— коендун эти. Астрологдор, биринчиден, бул узап бараткан жылдын символу болсо, экинчиден, ажыдаарга «жакпай калышы мүмкүн» экенин айтышат;

— тоок эти;

— чыгыш гороскобунда козу карын — көйгөйдүн, пияз — уруштун символу. Андыктан бул азыктарды тамак-ашка болушунча азыраак колдонуу керек;

— конcерва, колбаса, мындан тышкары, шарап же сыра кошулган тамак-аштар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button