Саясат

«Өрт коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Өрт коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюу максатында кабыл алынган.

Ошону менен бирге, мыйзамда өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды төмөнкүдөй милдеттер менен толуктоо каралган:

– жеке жана юридикалык жактарга анын ичинде болгон өрт боюнча корутундуларды берүү;

– өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү боюнча курулуш материалдарын, конструкцияларды жана коргоо объекттерин сыноону, изилдөөнү ишке ашыруу;

– өрт коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;

– белгиленген тартипте өрт-техникалык экспертизадан өткөн долбоордук документтердин аткарылышын контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу.

Мындан тышкары, кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын конкреттештирүү каралган, ага ылайык өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары жана кызматкерлери курман болгон же жаракат алган учурда зыяндын ордун толтуруу жүзөгө ашырылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button