Коом

Улуттук фтизиатрия борборунда компьютердик томография кабинети ачылды

Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунда компьютердик томография кабинети ачылды.

Ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал, Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров жана борбордун кызматкерлери катышты.

Компьютердик томография имараты СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдык фонд тарабынан каржыланган COVID-19 грантын ишке ашыруунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) аркылуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, КТ аппараты жана тиешелүү эмеректер менен жабдылган. Компьютердик томографтын (General Electric Optima 520) баасы 407 551,35 АКШ долларын түзөт (35 334 702,05 сом), 34 709 АКШ долларына эмерек жана башка керектүү жабдуулар алынган.

«Кыргызстан дүйнөдөгү кургак учуктун көп дарыга туруктуу жүгү бар 30 өлкөнүн катарына кирет, бул көп дарыга туруктуу кургак учук менен күрөшүүнү биздин өлкөдө кургак учукту жоюунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныктайт. Кургак учук инфекциясын аныктоодо нур менен дарт аныктоонун заманбап жогорку технологиялык ыкмалары талап кылынат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасына Кыргызстанда Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программаны ишке ашырууда кызматташуусу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Күнүмдүк диагностикалык процесске компьютердик томографты киргизүү кургак учук инфекциясын, өзгөчө балдар арасында аныктоону жана диагностикалоону жакшыртат, бул өз кезегинде оорунун коомдо жайылышын үзгүлтүккө учуратат жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртат», – деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал белгилегендей, Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программа үчүн компьютердик томографты сатып алуунун аркасында келечекте кургак учуктун диагностикасы бекер, башка айтканда, Кыргызстандын бардык жарандары үчүн жеткиликтүү болот.

«Биз балдар арасындагы кургак учукту аныктоо көп учурда оор экенин билебиз жана жаңы заманбап компьютердик томографта изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү дифференциалдык диагнозду жеңилдетет жана туура диагноз коюуну тездетет, демек, туура дарылоону өз убагында дайындоого мүмкүндүк берет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы Саламаттык сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору менен биргеликте Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программаны ишке ашырууну улантат жана Глобалдык фонддун инвестицияларынын аркасында бейтаптардын муктаждыктарына жараша медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылат, ошондой эле Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө дагы да көбүрөөк күч-аракет жумшайт», – деди Моника Ризал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button