КоомСпорт

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну сентябрда Астана шаарында өтөт

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 8-14-сентябрь аралыгында Астана шаарында өтөт, деп билдирет Казакстандын Спорт жана туризм министрлиги.

Мелдештерге 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышат. Спорттук жана маданий иш-чараларга 100 миңден ашык туристтин келүүсү күтүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, спорттук программа спорттун 20 мелдештик жана 10 көрсөтмөлүү түрүн камтыйт. Анын ичинде:

  • ат чабыш;
  • күрөштүн улуттук түрлдөрү;
  • салттуу интеллектуалдык оюндар;
  • согуш өнөрү боюнча мелдештер;
  • ок атуу;
  • канаттуулар менен аңчылык;
  • ат үстүндөгү мелдештер;
  • элдик оюндар;
  • спорттун этникалык түрлөрү боюнча көрсөтүүлөр. 

    «Астанада «Көчмөндөр ааламы» этникалык айылы ачылып, анда ар бир келген адам казак элинин маданияты жана каада-салты, ошондой эле Дүйнөлүк конгресске катышкан өлкөлөрдүн оригиналдуу маданияты менен тааныша алат. Этно-айылга күнүнө 30 миңге чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору келе алышат», — дешет уюштуруучулар.

    V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну «Улуу талаадагы жолугушуу» (Улы Дала Дубири) деген ураандын астында өтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button