Коом

Саясий диверсия тууралуу пикир…

«Регион» ТВнын башкы директору Откурбек Рахманов сөз эркиндиги, бей өкмөт уюмдар жана өлкөдөгү болуп жаткан окуялар тууралуу Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазган: 

“Океан артындагы күчтүн” дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө (10го жетпеген мамлекетти кошпогондо) “саясий диверсанттары” активдүү иш алып бараарын билебиз. Алар албетте ар кандай багыттагы “долбоорлор” катары катталып, орусча айтканда “под прикрытием” иш алып барышат. Бул түшүнүктүү жана талашсыз тактика. Муну Кыргызстандын мисалында чечмелеп көрөлү.

Саясий же иделогиялык диверсенттарды Кыргызстанда негизинен СМИ, Укук коргоо уюму, Медиа коом, Эркин журналист, Иликтөөчү журналист ж.б. катары катташкан. Бирок, булар болгону ушундай аталышат гана (маскировка). Иш жүзүндө булар накта “саясий диверсанттык” милдетти аткарууга милдеттүү жана аны үчүн жетиштүү финансы регулярдуу түрдө “сөз эркиндигин колдоо жана демакратиянын баалуулуктарын колдоо, коргоо үчүн…” деген формалдуу негизде бөлүнүп турат. Диверсанттар албетте кыргыз коомун ар кандай ыкмалар менен биринчи кезекте туруктуулугун бузууга, хаос абалды, бийлик менен элдин ортосунда, коомдун ичиндеги ар кандай топтордун ортосунда чоң ажырымды, ишенбөөчүлүктү пайда кылууга, аны үчүн кыпындай бир повод болсо дагы көңүл сыртында калтырбастан, күнү-түнү иштөөгө мажбур. Алардын негизги милдети ушул, доллар менен евро буларга ошону үчүн гана берилет. Кээ бир мамлекеттер бекеринен бул диверсанттарды “иноагент” деп атабайт.

Анткени булар чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары тарабынан толугу менен түздөн-түз байланыштуу, алардын кыргызстандагы кадимки эле бөлүмдөрү десек туура болот. Биздин кесипкөй, жөндөмдүү уул-кыздарыбызды өздөрүнө тартып, окутуп, даярдап, аң сезимин, ой жүгүртүүсүн, ишенимин, ынанымын диверсанттык кылуу үчүн талаптарга жооп бере турган кылып калыптандырышат. Андан соң даяр агенттерди өздөрүнүн максаттары үчүн пайдалана берет. Бирок, биз аларга иштеп жаткан жарандарыбыздын баарын чыккынчы, тыңчы, диверсант деп жаман көрсөк жаңылышабыз. Анткени, “биздикилердин” айрымдары өздөрү чет өлкөнүн атайын кызматынын агенти, инструменти, куралы болуп калганын түшүнүп жете бербейт, балким билбей деле калат. Өзүн “ эркин журналистмин, мен кыргызстандын патриотумун, мен чындык үчүн күрөшүп жаткан баатырмын, мен кыргызстандын душмандарын жок кылууга активдүү катышып жаткан активистмин, укук коргоочумун, мен гана туура жолдомун, бийлик элдин душманы, мен эл мененмин, мамлекетке кызмат кылып жаткандардын баары элдин душманы, аларды колдоп жаткандардын баары дакансалар, кошоматчылар, пахтакорлор, алардын баары кара ит, мен ак итмин, алардын баары караңгылар, эскиче ой жүгүрткөн акылсыздар, зомбилер, мен гана өтө билимдүүмүн, анткени мен европалыктарча ой жүгүртүп жатам, 5-6 китеп окудум, семинарларга катыштым, ютуб каналымда просмотр көп, комментарийге болсо баары мени сүйүп, колдоп жазып жатат, мен эмне десем дагы туура боло берет…деген сыяктуу ойлор, ишенимдер, кыялдар, иллюзия толуп алууга үлгүрдү. Мындайча айтканда, бул айрым мекендештерибиз тилеке каршы, “зомбилерге” айланып калышты. Аларга биздин боорубуз оорушу керек. Бирок алардын оюнда, бизге алардын боору ооруп жатат…

Бирок арасында диверсант экенин бир жакшына билип, өз каалоосу менен эле чет жактын куралы болуп иштеп жаткандары да аз эмес. Мына ушуларга олуттуу чара көрүүгө Кыргызстандын атайын кызматы мажбур жана милдеттүү! Чет жактын атайын кызматынын долбоорлоруна каршы (контрчабуул) улуттук коопсуздук кызматы иштебегенде, анан ким иштемек эле? Демек, бул диверсанттардын Кыргызстандагы номер биринчи душманы бул УКМК. Анан башкалар…

Сен азыркы бийликтин таламын талашып жатасын, анткени сенин шефиң бийликте отурат, биз азыр силерге эмес, ошол НПОлорго, эркин журналистмин, иликтөөчүмүн деп аткандарга көбүрөөк ишенебиз дешиңиз мүмкүн. Туура. Саясий диверсия долбоорун ишке ашырып жаткан чет жактагы күчтөр сиз менен бизге караганда алда канча өнүккөн, алда канча акылдуу жана көп эсеге тажрыйбалуу, каржылык, таасирдик мүмкүнчүлүгү миңдеген эсе жогору. Бул талашсыз. Алар үчүн эң негизгиси, кыргызстандагы куралдары, инструменттери, агенттери, кызматчылары коюлган тапшырмаларды эффективдүү ишке ашырышы үчүн биринчи кезекте элдин ишеними, элдин ынанымы керек. Аны үчүн элдин ичиндеги социалдык же күнүмдүк жашоодогу ар кандай темаларды, проблемаларды көтөрүп чыгып, “элдин таламын талашып жаткан куткаруучунун” образын жаратуу зарыл. Роддомго барып врачтардын акча алып жатканын, жакшы карабай жатканын, кадастрга барып кызыл китеп чечилбей жатканын, мектепке барып мугалимдер жакшы иштебей жатканын, милициялар паракорлукту токтотпой жатканын, айрым байлар эч кимди көзгө илбей жатканын, кызматка дайындоолордо катачылыктарга жол берилип жатканын (бул сыяктуу проблемалар чынында көп жана муну көтөрүп чыккан адам карапайым элге ар дайым жагып келген, мындан кийин да жага берет) көрсөтүү ыкмасы менен булар элдин ишенимине кирүү, кадыр-барк алуу, сөзүн бирөө уга турган, саясий абалга таасир эте ала турган деңгээлге жетүүнү көздөшөт. Андай кыла албаса, бул биздин “агентчалыштарыбыздын” чет жактагы кожоюндарына кереги жок, алар башкасын, колунан келе турганын оңой эле таап алат жана ошолор менен иштешет.

А биздин элибиздин айрым бөлүгү колундагы телефонун карап отуруп, “ э мына адам эң туура айтып жатат, молодец экен э, ушунун сөзү туура, мамлекет акмак, Кыргызстан болбой эле калдык, өлдүк, бийликтегилер такыр эле адам эмес, жоготуш керек буларды тезирээк…” деген идея менен сугарылып, аң сезим деңгээлде даяр митингчи, баарына нараазы, даяр тополоңчуга айланат да калат. Бул ыкма Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков доорунда дагы болгон, азыр дагы болуп жатат, кийинки президенттин тушунда да болот. Кыргызстан канча жыл жашаса, дүйнө жашоосу, саясат, атайын кызматтар канча жыл жашаса бул ыкма дагы ошончо жыл колдонулат. Бул күчтөр үчүн ким президент болгону маанилүү эмес, эл кимди бийликке алып келбесин, баарыбир ага каршы саясат жүргүзө берет. Океан артындагылардын кишиси бийлике келсе, анда алар башка жол менен максатын ишке ашырат. Бирок анда Океан артындагыларга атаандаш державалар кайра эле ушул ыкманы колдонот. Демек, атайын кызматтардын бул ыкмадагы күрөшү эч качан токтобойт.

Бул жерде кыргыз элин күнөөлөгөнгө болбойт. Анткени, мамлекет тарабынан сырткы диверсанттардын активдүү иш алып барышына, элдин нараазычылыгын пайда кылып, аны андан ары өркүндөтүүгө, акыры өз максатына жетишине “повод” берилип жатканы чындык. Ошону үчүн диверсанттар кайсыл бир деңгээлде өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратууга жетишип жатат. Маалыматтык жактан, идеологиялык жактан диверсанттар ар кандай ыкмаларды колдонуу менен реалдуу эффект берип жатканы үчүн мамлекеттин коопсуздук кызматтары, күч түзүмдөрү олуттуу кадамдарга, камоолорго барууга мажбур болуп жатканы түшүнүктүү да.

“Сөз эркиндигине басым” деген дүжүр негиз менен, агенттеринин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан мамлекеттердин баарына басым жасап, державалыгынан, күчтүү мамлекет экенинен пайдаланып,ар кимдин үйүнө кирип өзүнүн каалоосун диктовать этип жаткандарга кыргызстандыктар жок эле дегенде намыстанып, каршы турса болмок! Жалган чыны аралашкан ар нерсеге ишенип жүрүп, акыры улутубуз, бейиштей болгон мекенибиз кандай болоор экен деген маселе саясий диверсанттарга каршы жок дегенде биримдикте, ынтымакта, сергектикте болууну талап кылып жаткан жокпу?

Азыр камака алынып жаткан, олуттуу чаралар көрүлүп жаткан “эркин журналист, эркин басылма” деген атка жамынгандардын (НПОлор) моментин карап көрсөк. Мисалы, бул 11 адамдын баарын кошуп карасаңыз дагы, бир эле АкиПресстин көрүмдүүлүгүнө жетпейт. Булар чогулуп ачкан “Чекитин” баарын кошуп карасаңыз дагы бир АкиПресстин аудиториясына жетпейт. АкиПресс деле мамлекеттик эмес. Анан неге бүгүнкү бийлик сөз эркиндигине каршы иштеп жатса, биринчи кезекте АкиПрессти жаап, талкалап, жок кылбастан, ушул НПОлорго чара көрүп жатат? Демек, булардын мамлекеттин улуттук коопсуздугуна, туруктуулугуна, тынчтыгына коркунуч жаратып жатканына байланыштуу. Антпесе, кимге кереги бар артында чоң державалар турганын билип туруп, ар кандай кесепети тийиши мүмкүн экенин түшүнүп туруп, буларды камап, жоопко тартып? Демек, ушундай кадамга барууга мажбур кылган реалдуу себеп бар.

Бири самолеттор аяка учуп атат, быяка учуп атат дегеним үчүн камады дейт. Биз бийликтегилердин каражатты каяктан алып, каяка сарптап жатканын ачык көрүп, көзөмөлдөп турушубуз зарыл дейт. А мамлекет булардын акча каражаттарын кайдан келип, кайда кетип жатканын ачык көзөмөлдөп турабыз десе, чалкасынан кетип, басым, кысым, өлгөнү калдык деп, чоң шефтеринен бери ызылдап чыгышат? Неге? Кандай сыр бар?

Көп сөз жазылып кетти…

Кезинде сенин шефтериң деле куугунтукталып жүргөндө дал ушул “эркин СМИнин” пайдасы тийген десеңиз керек. Ооба. Туура. Бул факт дагы бир жолу менин жогорудагы сөздөрүмдү тастыктайт. Бул саясий диверсанттар үчүн Кыргызстандагы конкреттүү бир саясий фигуранын сөзүн сүйлөө маанилүү эмес. Болгону, коомдо нараазычылык, тополоң, хаос, башаламандык болуп турса, геополитика үчүн ыңгайлуу атмосфера түзүлүп турса болду. Мисалы, ошол кездери азыркы бийликтегилер куугунтукталып жатканда, булар үчүн “реалдуу обьект” болгон. СССР убагында компартия, Акаев маалында Бакиев, Бакиев маалында Атамбаев, Атамбаев маалында Ташиев Жапаров, Жээнбеков маалында кайра эле Атамбаев (кайсыл бир деңгээлде Жапаров Ташиев), анан кайра эле Жапаров Ташиев маалында Мадумаров ж.б.у.с. Демек, булар үчүн айырмасы жок. Келечекте бул бийлик алмашкандан кийин, эгер Жапаров Ташиев оппозиция болуп калчу болсо, анда булар кайра эле ушул кишилер тарапты колдомуш болуп, өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзө берет…

Калган ойлорду анан жазайын… Эң негизгиси, ит болсок бололу бирок жок дегенде кыргыз болуп туулган соң, кыргыздын ити бололу кымбаттуу мекендештерим! Кыргызстаныбыз үчүн бардык жеке оюндарыбызды бир четке сүрүп, бир келген өмүрдө жок дегенде, сатылбастан жашап өтөлү деп суранаар элем… Бул албетте менин жеке оюм. Кимдир бирөөлөргө жакпай калса, сабр тилейм…

Уландысы бар…

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button