1-февралда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда саат 18: 00до заманбап индия бий кечеси өтөт.
Ушул эле заманбап бий кечеси Ош шаарында 3-февралда саат 18:00до С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында да сунушталат.
Бул маданий программа Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Индия Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагы 2022-2026-жылдарга карата Маданий алмашуу программасын алкагында ишке ашырылат.
Кечени Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте доктор Рекха Мехра жетектеген “Урваши” маданият жана искусство, бий жана музыка коому тарабынан уюштурулду.
Кирүү акысыз.