Коом
Жаңы үлгүдөгү паспорттор май айынан тарта берилет
Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспорттордун айрым түрлөрүн ишке ашырууну пландоодо. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтому коомдук талкууга коюлду.
Документке ылайык, “Учкун” ишканасы 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторду чыгарууга даярдык көрүүдө.
“2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспорттор 2024-жылдын май айынан тарта бериле баштайт”, — деп айтылат маалыматта.
Токтом долбоорунда “Инфоком” мамлекеттик ишканасына 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторду персоналдаштырууга ыйгарым укук берүү сунушталууда.