КоомСпорт

Баткенде мекен коргоочулар күнүнө карата облус башчысынын кубогу үчүн мелдеш өттү

23-февраль Мекен коргоочулар күнүнө карата, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, спорттун волейбол түрү боюнча кубогу өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Мелдешке облус аймагындагы аскер бөлүктөрүнөн жана күч түзүмдөрүнөн жалпы жети команда катышты. Мелдештин жыйынтыгы менен, биринчи орунду ӨКМнин Баткен облусундагы башкармалыгы экинчи орунду 2053 аскер бөлүгүнүн Бөрү атайын багыттагы отряды үчүнчү орунду облустук ички иштер башкармалыгы төртүнчү орунду ИИМдин 7707 ички аскер бөлүгү ээледи.

Мелдештин жыйынтыгында сөз сүйлөгөн КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров жалпы катышуучуларды 23-февраль мекен коргоочулар күнү менен куттуктап, кызыктуу оюн көрсөткөн жеңүүчүлөргө, облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин кубок жана дипломдорун, акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button