Коом
12-мартка карата аба ырайы
12-март, шейшембиде, күндүз күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18, Талас аймагында +11…+16, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын жергесинде 0…+5 градуска чейин жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы +16…+18 градуска чейин көтөрүлөт.