КР Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев кызматынан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук дзюдо федерациясынын башкаруу комитети 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада аяктаганга чейин Дзюдо федерациясынын президентинин милдетин Куванычбек Конгантиевге жүктөө чечимин кабыл алды.