Нооруз майрамына карата Кыргызстанда көк бөрү боюнча республикалык турнир башталганын спорттун аталган түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Быйылкы оюндар Бишкекте «Аккула» ат майданында өтүүдө. Анда командалар төрт лигага бөлүнгөн. Алар:
Жогорку лига — 6 команда;
Биринчи лига — 12 команда;
Экинчи лига — 16 команда;
Легендалар лигасы — 6 команда.
Турнирдин расмий ачылышы 15-мартка белгиленген, финалдык оюндар 21-мартта, Нооруз күнү, болору кошумчаланды.