Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук кумара команда Азия чемпионатына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Россиянны Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

22-март күнү башталган жыйын 3-апрелде жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:
— 55 кг Улан Муратбек уулу;
— 60 кг Жоламан Шаршенбеков, Акыл Сулайманов;
— 63 кг Дастан Кадыров;
— 67 кг Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев;
— 72 кг Адилхан Нурланбеков;
— 77 кг Алибек Бердиев;
— 82 кг Бекзат Орункул уулу;
— 87 кг Асант Жанышов, Азат Салидинов;
— 97 кг Үзүр Жусупбеков, Бексултан Махмудла;
— 130 кг Роман Ким;

• Улукбек Карачолоков – улук машыктыруучу;
• Азат Эркимбаев – башкы машыктыруучу;
• Улукбек Кыдыкеев – укалоочу;
• Данияр Мурасалиев – дарыгер.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылынын календардык планынын негизинде өткөрүлүүдө.