Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасы “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 29-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта өтөт.

Курама команданын тизмеси:

  • Фердауза Убакирова (48 кг);
  • Темирдан Абдикеримов, Алихан Жумагулов (60 кг);
  • Маматибрагим Суранов (73 кг).
  • Байбол Саламат уулу коштоочу — машыктыруучу;
  • Айзада Жээналиева коштоочу — машыктыруучу.

Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имяновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.