Саясат

Тынчтык Алтымышев: “Биздин өзүбүздүн реформаторубуз бар, ал – Садыр Жапаров”

Белгилүү журналист Тынчтык Алтымышев Facebook социалдык тармактагы баракчасына өлкөдөгү жасалып реформалар, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровдордун ишмердиги тууралуу пикирин жазган:

«Кыска эле түшүнүктүү жана жөнөкөй айтайынчы. Кечээ Камчыбек Ташиевдин бир аз аксап баскан видоесун соцтармактан көрдүм. Көп жолу чет өлкөгө барып операция кылганын дагы укканбыз.
Бул киши ден соолугун, тынч уйкусун, жыргал жашоосун бүт мамлекетке арнап жатат. Тыным албай же өзүн карабай күнү түнү иштеп жүрөт.
90-жылдан бери түптөлүп, Кыргызстандын булуң бурчуна чейин басып алган ОПГны, коррупцияга чырмалышкан кылмыштуу топтун империясын заматта ташын талкан кылды. Булар оңой жоо эмес болчу. Колундагы мүмкүнчүлүктү оңой эле берип койгон жок, аягына чейин каршы турушту. Ал тургай жасоол жалдап, кол салууну пландашты.

Ташиев тартип орнотуп, мыйзамдуу жашоо түшүнүгүн калыптандырыш үчүн жанын оозуна тиштеп, өмүрүн тобокелге салды. Үй бүлөө, жакындарынын коопсуздугун дагы аманатка тапшырды. Адамдын жаны ширин, өзүн сактоо үчүн мындай тобокелдерге баруу оюнчук эмес. А Камчыбек Ташиев болсо жашоосун дагы бычактын мизине коюп иштеп жатат. Буга чейинки бийликтегилердин биринин дагы эрки жеткен эмес. Кайра кылмышкерге ырыскылаш, уураларга тилектеш болуп мамлекетти топтошуп алып тоношконун көрүп эле келгенбиз.
Азыркы бийлик ошол түшүнүктөрдү сындырып, жаңы реформаларды калыпка салды. Күн сайын жаңы ачылыш, күн сайын жакшы жаңылык окуп жатабыз.

Мурда Ли Куан Ю деген реформатор элинин жашоосун оңдогон экен деп окуп келсек, азыр биздин өзүбүздүн реформаторубуз бар, ал – Садыр Жапаров. Артында күчтүү, чечкиндүү, жоопкерчиликти өзүнө алган лидердин жанында – өмүрүн тобокелге салып иштеген Ташиевдей командасы болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button