Саясат

Президенттик аппарат кайсы министрлик жакшы иштеп жатканын айтты

Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмоновдун айтымында, бул рейтинг улам өзгөрүп турат.

Ошентсе да рейтингдин баш жагынан укук коргоо блогу орун алган. Тагыраагы, тапшырмаларды аткарууда ӨКМ, ИИМ, Юстиция министрлиги “ударник” катары белгиленген.

Экономика жана коммерция министрлиги милдеттери көп экенине карабай чечимдерди  жетишерлик деңгээлде аткарып жатканы айтылды.

Өткөн жылы начар делген Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги быйыл ишин кыйла жакшырткан.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишинде жакшы жылыш байкалууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button