Коом

Алтын медалга талапкер болгон бүтүрүүчүлөр майдын ортосунда «Алтын тамга» сынагын тапшырат

Жалпы билим берүү программалары боюнча “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын стандартташтырылган бланкалык тести 2024-жылдын 14-майында өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

“Алтын тамга” тести талапкерлердин окуган тилинде (кыргыз, орус, өзбек тилинде) төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлөт:

  • эне-тили жана адабияты (45 мүнөт);
  • математика (70 мүнөт);
  • кыргызстандын тарыхы (45 мүнөт);
  • химия (60 мүнөт).

“Алтын тамга” тестине катышуу билим алуунун формасына карабастан жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен өздөштүргөн, артыкчылык документине талапкер болгон жалпы билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.

“Алтын тамга” тестин өткөрүүнүн максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

— артыкчылыгы менен орто жалпы билими жөнүндө документти алууга талапкердин билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоону жүргүзүү;

— Кыргызстанда мектептик билим берүүнү, мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button