Саясат

Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга барат

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча 18-19-апрелде Казакстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Президент Садыр Жапаров сапардын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки жактуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле кыргыз-казак алакаларынын өнүгүү келечегин талкуулашат.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин Алтынчы жыйынына жана Астана шаарында «Манас» кыргыз эпосунун каарманынын эстелигинин ачылыш салтанатына катышат.

Сапарга карата «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздордун «Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги» форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленген», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button