Коом

Нарында кыска мөөнөттүү 10 бала бакча ачылды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кыска мөөнөттүү 10 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан аймакта мектепке чейинки билим берген дагы 69 мекеме түзүлөт.

Эске салсак, кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат. Болгону уктоо жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button