Коом
Бишкекте «Вальс кечеси» өтөт. Мэрия каалоочуларды катышууга чакырууда
29-апрелде Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Бишкек шаарынын күнүнө карата «Вальс кечеси» өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдап, каалоочуларды ага катышууга чакырды.
Билдирмеге ылайык, фестиваль-конкурска катышуу акысыз. Аны көрүү да акысыз. Иш-чара саат 18:30да башталат.
Каалоочулар бардык суроолоруна 0312 510 178, 0556 860 106 (WhatsApp) телефон номерлери аркылуу жооп алса болот.