Коом

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Казакстандын полиция кызматкерлери үчүн гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Казакстан Республикасынан суу ташкынынан жабыркаган кесиптештерине 50 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул демилге кризис учурунда эки өлкөнүн ортосундагы тилектештик колдоонун бир бөлүгү болуп саналат. Казакстандагы суу ташкыны аймактар үчүн оор кесепеттерге алып келди.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги оор кырдаалга жооп кылып, биринчи керектелүүчү буюмдарды, дары-дармектерди, желим өтүктөрдү, дизелдик жана электр генераторлорду, үйлөмө кайыктарды, чатырларды, матрацтарды, тамак-аштарды, жууркандарды, жаздыктарды жана шейшептерди жардам көрсөтүү түрүндө жөнөтүштү.
«Казакстан Республикасы менен кызматташтыгыбыз узак тарыхка ээ жана мындай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул көрсөтүлгөн гуманитардык жардам табигый кырсыктан жабыркагандарга жеңилдик алып келип, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз», — деп министрликтен белгилешти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button