КоомКылмыш-кырсык

ИИМ: Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 37 чет өлкөлүк жаран аныкталды

Укук коргоо органдары Бишкек шаарынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузгандарды аныктоого багытталган ыкчам иш-чараларды жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 16-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган 37 чет өлкөлүк жаран ИИМдин имаратына жеткирилип, зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлдү. Аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүмү (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуу) менен административдик протоколдор толтурулду. Мамлекеттер боюнча карасак, Пакистан Ислам Республикасынын жарандары-14, Бангладеш мамлекетинин жараны-23.
Азыркы учурда аларды чакырган физикалык жана юридикалык жактар аныкталууда.
Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан республиканын аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштурууга жол бербɵɵ, анын алдын алуу, миграция жаатындагы мыйзамдарды, чет ɵлкɵлүк жарандар тарабынан Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү жана эмгектенүү эрежелерин бузууларды аныктоо, аларга карата чараларды кɵрүү боюнча тиешелүү иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.
Алсак, 2024-жылдын 3 айында мыйзамсыз миграцияны уюштуруунун 59 фактысы аныкталып, бардык топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөн.
Бул аралыкта Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдары чөйрөсүндө 6080 бузуулар катталып, айыптардын жалпы суммасы 19 097 000 сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 95-беренеси боюнча (жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш) 3 юридикалык жакка (55 000 сомдон) 165 000 миң сомго айып салынган. Бул фактылар жалпысынан фирмалар тарабынан Кыргызстандын жарандарын чет өлкөгө жумушка орноштуруу үчүн уруксат кагаздарын албастан, жасаган

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button