Коом

МСК: 100 миңден ашык салык төлөөчүл карыздары тууралуу онлайн маалымкат алды

Салык төлөөчүлөр Cabinet.salyk.kg. сайтындагы «жеке салык кабинети» аркылуу салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 100 миң 216 онлайн маалымкат алышты.

Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, бул кызмат киргизилгенден бери маалымкат алуу үчүн 161 миң 99 суроо-талап келип түшкөн. Алардын ичинен 100 миң 216сы берилген, 59 миң 846 учурда баш тартылган жана 969 арыз каралууда.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын октябрь айынан баштап салык төлөөчүлөргө салык органына барбай эле керектүү маалымкатты алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон.

Cabinet.salyk.kg «жеке кабинетинен» маалымкат алуу үчүн арыз түзүү зарыл. Андан кийин «МСК менен кат алышуу» бөлүмүн тандап жана «Маалымкаттар» рубрикасына өтүү керек.

Карыздар тууралуу маалымкат суроо-талапты алган күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде салык органы тарабынан иштелип чыгат жана берилет. Санариптик документ түздөн-түз салык төлөөчүнүн жеке кабинетине жөнөтүлөт жана кагаз түрүндөгү документ сыяктуу юридикалык күчкө ээ.

Белгилей кетсек, сервис салык кызматтарынын сапатын жакшыртуу, электрондук сервистерди кеңейтүү, ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жана убакытты олуттуу үнөмдөө максатында киргизилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button