Коом

«Кан аралаш жөтөлгөндөр, сүйлөй албай калгандары бар. Ыйлагың келет!»

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касмалиева бугун фейсбук социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган:

— Ош шаарында коронавируска чалдыккан дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүп чыктым.

— Абалдары күндөн күнгө начарлап, баары эле кошумча дем алдыруучу аппаратта. Кан аралаш жөтөлгөндөр бар. Сүйлөй албай калгандары бар. Мени менен сүйлөшүп жатып да, аба жетпей, сүйлөй албай калып жатышты. Ыйлагың келет! «Бизди акчасы да, эчтекеси кызыктырбайт, тирүү калсак деп жатабыз. Биздин атыбызды коргоп бергиле!», — деп ыйлашты.

—  Биринчи күндөрү жетекчилик аларды умрадан келгендерден анализ алууга жөнөткөн, ал жерде спец форма менен болгон күндө да, кийин ординатордук бөлүмдө чогуу тамактанып, маршруткаларда чогуу жүрүшөт.

— Алар азыр өлүм менен күрөшүп жатканда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин «алар ажы тойго барган» деген маалыматты тараткан чиновниктери жазасын алууга тийиш . Бул маселе Жогорку Кеңеште да каралат. Расмий түрдө Өкмөткө, штабка да кат менен кайрылдым.

— Компенсация төлөбөй кою максатында да врачтардын өздөрүн күнөөлөп жатышат деп кайрылгандар бар. Бизди унчукпагыла деп кысып жатышат деген дарыгерлер канча. Урматтуу Саламаттыкты сактоо министрлиги, ушундай оор кырдаалда так иштениздер! Бул маалыматтар иликтенбей калбайт.

 — Азыр 63 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алган. Алар боюнча так маалымат жок. Мен тактай алган дарыгерлер менен баарлаштым.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button