Балдарга

«Робин Гуд» мультфильми кайрадан тартыла турган болду

Ар апта сайын чыгуучу Variey маданий журналынын билдирүүсү боюнча 1973-жылы тартылган «Робин Гуд» анимациялык музыкалык комедиянын ремейки кайрадан иштелип чыгуу баскычында турат. Аталган басылмага ылайык жаңы фильм  «Жунгли китеби» (2016-ж.), «Дамбо» (2019-ж.) жана » Арстан падыша» (2019-ж.) сыяктуу CGI форматында (үч өлчөмдүү графиканы пайдалануу)  болмокчу.

Аталган долбоорго Карлос Лопес Эстрада  («Легион» сериалы) режиссёрлук кылат. Аны менен бирге аталган мультфильмдин үстүндө сценарист Кари Гранлунд жана  продюсер Жастин Спрингер иштешмекчи.

Көркөм картинанын качан эфирге чыгаары белгисиз, бирок релизи Disney Plus платформасында болот.

Колго тартылган  «Робин Гуд» мультфильмин Вольфганг Райтерман тарткан жана долбоор «Оскар» (Тасмага карата мыкты ыр» номинациясы) жана «Грэмми» («Балдар үчүн мыкты үн жаздыруу» номинациясы) сыйлыктарына көрсөтүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button