Коронавирус — COVID-19 козгоочусу классикалык эпидемиологиянын канондоруна туура келбей жатат жана организмге тийгизген таасири дагы бир башкача болууда — деп билдирди Россиялык квалификацияларды жогорулатуу институтунун инфекциялык оорулар кафедрасынын башчысы Владимир Никифоров «Владимир Соловьев менен жекшембинин кечинде» аттуу «Россия-1» телеканалынын шоу эфиринде.

«Эмнегедир ал классикалык эпидемиологиялы кканондорго, ОРВИ классикалык патогенезине туура келбей жатат. Мисалы, бейтаптын өпкөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөр жана бейтаптын өзүнүн абалы таптакыр түшүнүксүз болууда. Компьютердик томографиянын сүрөтүнө ылайык мындай бейтап эбак эле жандандыруу бөлүмүндө жатуусу керек болсо, ал кайсы бир мезгилдерге чейин өзүн дени сак адамдай сезүүдө. Анан калса, өпкө кагыны (пневмония) буга чейин рентгендик сүрөттө даана көрүнүп келген болсо, коронавирустук инфекция учурунда өпкө сезгенүүсү таптакыр көрүнбөй жатат» — деди Никифиров.

Белгилей кетсек, Россияда коронавирустан жабыркагандардын саны бүгүн 43 миң адамга жетти.