Премьер-министр Синдзо Абенин чечимине ылайык, Япон бийлиги коронавирус илдетине байланыштуу келип чыккан кыйынчылык кезинде өлкөнүн жарандарын колдоо иретинде материалдык жардам көрсөтөт.

Бул тууралуу Nikkei басылмасы маалымдады. Ага ылайык, жөлөк пулдун өлчөмү ар бир жаранга 100 миң йенаны (927 доллар) түзөт.

Маалым болгондой, Япониянын бийлиги жардамга муктаждарды аныктап жана алардын киреше булагын эсептеп чыгуу үчүн көп убакыт сарптала тургандыктан, баарына бирдей көлөмдөгү жөлөк пул төлөп берүү чечимин кабыл алган. Андыктан Япон өкмөтү 108,3 триллион йена жарандарга берүү үчүн каражат бөлдү.