Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бүгүнкү күндө маанилүү болгон азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе жок экенин, онлайн маалымат жыйында билдирди.

«Эң негизги маселе азык-түлүк коопсуздугу боюнча эч кандай чоң маселе жок экенин расмий түрдө билдиребиз. Анткени 11 социалдык маанилүү азык-түлүк боюнча көйгөй жок», — деди ал. Ошону менен учурда жазгы таала иштери жүрүп жатканын айтып өттү.

Эске салсак буга чейин БУУ 2020- жылдын соңунда дүйнөдө азык-түлүк каатчылыгы болушу мүмкүн деп эскерткен.