Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ЖМКлар тарабынан жолдонгон суроолорго жооп берип эмне үчүн дарыгерлерге көп коронавирус жугуп жатат? деген суроого жооп берип жатып билдирди.

Биринчиден, медицина кызматкерлери оору чыккан очокторго барууда, экинчиден, үйлөрүнө барганда жуктуруп алышы мүмкүн, дагы бир себеби көпчүлүгү элементардык эрежени сактабай жатат.

«Көп себеби бар. Бүгүнкү күндө атайын сактоочу кийимдерди кийишет. Кийгенде же чечкенде эрежени сактабай калышы мүмкүн», -деди министр.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы 175 медицина кызматкери оору жуктуруп алганы белгилүү болду. Алардын 65и айыгып, кайра жумуштарына чыгышкан.