25-апрелге карата коронавирус чыккан аймактарда иштеген 6030 медицина кызматкерлери убада кылынган кенемтени алышканын саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, март айына карата медицина кызматкерлерине төлөнгөн каражаттын жалпы суммасы 34 миллион 716 миң сомду түзөт.

Министр кошумчалагандай, кенемте алуучу медкызматкерлердин тизмеси дагы такталат. Май айынын соңуна дейре баары алып бүтүшү керек.

Эске салсак, коронавируска каршы күрөшүү үчүн атайын эсептен 38 млн. сомдон ашуун каражатты медицина кызматкерлерине төлөп берүү каралган.