Бүгүн Кыргызстанда 25-апрель – Салттуу музыка күнү белгиленүүдө. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Салттуу музыка күнүнө арналган концерт онлайн түрдө өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Концерт бүгүн 25-апрель күнү саат 16:00дө КТРКнын «Маданят. Тарых. Тил» каналында, «Санат» телеканалында жана Маданият министрлигинин фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Эске салсак, 2013-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 25-апрель Улуттук салттуу музыка күнү деп жарыяланган.