Коом

Баламдын келечеги үчүн унчукпай коё албайм …

Фейсбукка кирсем эле, «Сапат» мектебин жабыш керек, Фетхуллах Гюлендин бизнеси, балдардын аң сезимин бурмалап билим берип атат деген маалыматтар жайнап кетиптир. Ушактардан пост курабай, ата-эне катары өз көзүм менен көрүп, жан-дүйнөм менен сезген жакшы жактарын баса белгилеп, маалымат берүүнү чечтим.

Балам Ч.Айтматов атындагы жогорку класстагы балдарды окуткан мектебинде эки жылдан бери окуйт. 7-класста алгач барганда тилди жакшы өздөштүрмөйүн башка предметтерди жакшы түшүнө албайт деп, англис тилине аябай басым жасап окутушту. Башка предметтерди орус тилинде же кыргыз класстарына кыргыз тилинде окутушат. 8-класстан баштап баардык предметтер англис тилинде өтүлүп, көбүнчө чет элден келген мыкты мугалимдер эмгектенет.

Жергиликтүү мугалимдер кыргыз, орус тилдеринен окуткандар, жергиликтүү мугалимдердин арасында өз предметин англис тилинде окута алган күчтүүлөрү да бар ( көбүнчө өздөрүнүн бүтүрүүчүлөрү). Бул мектепте көпчүлүгү чет элден билимимди улантсам деген максаты барлар окушат, анткени чет мамлекеттердеги окуу жайлар менен байланыш жакшы, эл аралык оллимпиадага катышууга мүмкүнчүлүктөр кенен.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында деле жакшы орундарды алышат, мындан дагы көп орундарды ээлешмек, бирок мындагы алдыңкы окуучулардын көпчүлүгү Кыргызстандагы ЖРТ га катышууга кызыгышпайт, алар Американын SATI (бул Американын жалпы тестирлөөсү) тестине катышууга аракет жасашып, эл аралык денгээлде абройлуу окуу жайларга өтүп кетүүгө аракет жасашат. Мекемеде SATI программасы боюнча билим берилет.

Эгер үйдүн жалгыз баласы болсоң ата-энеңдин эле жанында кал деп, кыргыздын менталитетине ылайык да багыт берип, Кыргызстандын ЖРТсына даярданууну сунушташат. Балдар китеп окубай калды деп наалыйбыз, бул мектепте ар бир кунку сабак корком адабият окуу менен башталат, балдарды кызыктыруу учун ошол окуган китептери боюнча чейректин акырында тест откоруп, женуучулорго чон эле акчалай сыйлык берилет. Ушул башка мектептерде барбы?

Ал эми таалим тарбиясы жактан айта турган болсо, мектептин босогосунан баштап маданияттын жакшы илеби уруп турганын сезесиң, сенин ата-эне экениңди билишип, учурашып, кимге келдиңиз, эмне жардам керек деп, сылык-сыпаа тосуп алышат.

Мектептин босогосун аттаганда эле башкача мамилеге туш болгондон кийин сен да өзүңдү бир карап, мен да өзүмдү ушул чөйрөгө татыктуу алып жүрөйүн деп бир силкинип аласың.

Ар бир чейрек бүткөндө ата-энелер менен мугалимдердин катышуусунда пед. консилиум өткөрүшүп, баардык предметтердин мугалимдеринен ар бир окуучу тууралуу кеңири маалымат берүү уюштурулат.

Көпчүлүгү чет элден келген мугалимдер болгондуктан, бул учурда , ата-энелерди атайын котормочу менен камсыздап беришет. Мектепте эч бир диний эрежелердин таңууланганын байкаган жокпуз, баш мыйзамыбыздагы дин тутуу эркиндиги кепилденген.

Ошол эле учурда Орозо кармагандардын да, кармабагандардын да укугун бирдей коргоо үчүн Орозо кармабагандарга кечки, эртең мененки тамак өз учурунда берилсе, кармагандар үчүн ашкананын иштөөсүнө убактылуу өзгөртүү киргизилип, ооз ачуу, ооз бекитүү да көйгөй жаратпай тургандай кылып, ар дайым ысык, жаңы бышкан тамак менен камсыздашат.

Ал эми кыздар менен балдарды бөлүп окутуу диний көз карашта эмес, жүрүм-турум нормаларына ылайык коюлса керек деп ойлойм, ошол эң туура чечим экен деп калдым.

Анткени кыз бала болобу, эркек бала болобу, чоңоё баштаганда алгачкы сезимдер ойгонуп, кыздар балдардан тартынып, балдар кыздардан тартынып, же азгырылып , бул нерсе билим алууга гана жумшай турган куракты туура эмес пайдаланууга алып келет. Ошондой эле баланын журогундогу мээримдуулукту ойготуу сыяктуу иш чаралары да бар, балдарды жардамга муктаж уй-булолорго алып барып, оз колдору менен кайрымдуулук кылганды уйротушот.

Бул мектептин мени дагы бир ыраазы кылганы психолог адистери абдан жакшы иштешет экен, өткөөл куракта ар бир баланын аракети алардын көзөмөлүндө болгону жакшы. Атайын анкета толтуруу жолу менен ар бир баланын аң сезимин аңтарып чыгышат экен да, ал балага кандай мамиле жасаш керек, ага кандай психологиялык жардам керек экенин ата-энесине айтып, чогуу аракет жасашат.

Мага да баламдын психологунан чакыруу келди эле, барганымча карантин болуп калды. Класстык жыйналыштары абдан кызыктуу өтөт, мен класстык жыйналышка барганда ,балалыгыма кайтып барып, жашоомду кайрадан башынан баштап, жакшы максаттар менен жашагым келип калат, балдарга да ушундай стимул беришет экен.

Жеке мен билим берүүнүн сапатына абдан ыраазымын, эки жылда баламдын жүрүм-турумунда чоң өзгөрүү болду, чоң максаттарга жетеленип окуп атат. Анан албетте жакшы товар кымбат тургандай, татыктуу билим да кымбатка турат. Балдарыбызды мектепке киргизип атканда кандай кырдаал болбосун, баламдын окуусуна акчасын окуунун биринчи жарымы аяктаганча төлөп беребиз деп келишим түзгөнбүз.

Азыр окууну токтотобуз деген билдирүү болгон жок, болгону өтүп бараткан жылдан карызы барларга окуу жылы аяктаганча 30-майга чейин карызды төлөп койгула деген өтүнүч болуптур. Ал эми бул мектеп тууралуу жаман пикирлердин тез-тез чыгып турганына көнүп деле калдык, анткени, билим берүү системасы жакшы жолго коюлган, жакшы бизнести тартып алууну көздөгөн адамдар бар экен.

Жеке мен бул мектептин кыргыздардын башкаруусуна, колуна өтүшүнө каршымын, андай болсо эле мектеп катардагы мектептен айрымасы жок болуп , жолго түшкөн система бүлгүнгө учурайт. Ата-энелердин акчасы туура билим берүүгө жумшалбай, максатсыз жумшала баштайт.

Мектеп жалаң тааныш-билиш жол менен сабатсыз мугалимдерге толуп, сырттан келген мыкты мугалимдер түйүнчөгүн түйүп үйүнө кетет.

Жакшы максат коюп чоңоюп келаткан балдарыбыз максатына жетпей ара жолдо калат…

Макала Мира Абдукапарованын фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button