Муктаж үй-бүлөлөргө 3400 сыналгы берилди

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында 8-апрелден тарта аралыктан окутуу башталгандан бери муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөгө телевизор берилди.

Берилген сыналгыларды аймактар боюнча бөлүп карасак:

Ош облусу  – 119

Баткен облусу – 663

Чуй облусу – 701

Нарын облусу – 237

Жалал-Абад облусу – 714

Ысык-Көл облусу – 497

Талас облусу – 19

Ош шаары – 423

Бишкек шаары – 30

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталгандан тарта аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында аларга көмөк көрсөтүүдө. Бул жумуштар азыр улантылып жатат. 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы