Болливуддук актёр Риши Капур 68 жаш курагында индиялык Мумбаи шаарындагы клиникада көз жумду. Бул тууралуу бейшемби күнү NDTV телеканалы билдирген.

Риши Капур – белгилүү актёр жана режиссёр Раджа Капурдун уулу. Аны бул үй-бүлөдөн чыккан жаркын жылдыздардын акыркысы деп аташчу.

Риши Капур атасы тарабынан тартылган «Менин атым — Маскарапоз» (Mera Naam Joker, 1970) деген көркөм тасмадан кийин белгилүү боло баштаган. Белгилей кетчү нерсе, аталган тасмага индиялык актёрлордон сырткары советтик актёрлор, ал тургай цирк артисттери дагы тартылышкан.  Ал эми «Бобби» (Bobby, 1973) көркөм тасмасынан кийин ал атактуу болуп чыга келген.

Советтик көрүүчүлөргө Риши капур «Өч алуучу» (Barood, 1976) «Амар, Акбар, Антони» (Amar, Akbar, Antoni, 1977), «Сүйүү кесели» (Prem Rog, 1982), «Чандни» (Chandni, 1989), «Сокур сүйүү» (Fanaa, 2006) ж.б. көркөм тасмалары аркылуу белгилүү болгон.