Америкалык актёр Том Круз NASA жана Space X Илона Маск менен космосто фильм тартуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деп билдирет Deadline.

Фильм космоско тартылган биринчи укмуштуу триллер болот. Буга чейин Том Круз «Миссия невыполнима» тасмасында Дубайдагы Бурж-Халифанын 800 метрлик бийик имаратына чыгып, дүйнө жүзүндөгү эң бийик имараттын үстүнө коопсуздук куру жок отурган.

Актер ошондой эле саатына 300 км ылдамдык менен учкан учакта тартылган кези актёрдун өмүрүнө коопсуздук жаратып,бул көрүнүш Круздун өмүрүнө дээрлик зыян келтиргенин Джимми Фаллон менен болгон маегинде мойнуна алды.