Акыркы кездерде бийликти сындап, Кыргызстандагы он байды атайм, аларды кустуруш керек, митингге чыгыш керек деп элди козутуп аткан экс-прокурор кечээ “Манас болгон эмес, ал өлгөн” деп айтса бүгүн “Кара-Жорго” бийин шылдыңдаган видеосун чыгарды.

Ал видеодо: “Манас деген тарыхта болгон эмес, тарыхчылардын любоюнан сурагыла, силер Манас айтып эле отура бересиңерби, бийлегениңер, билгениңер эле Кара-Жоргобу?  Байларды соту жок эле атып салсаңар болот, 10 миң адам менен барабыз, давай жегениңерди төлөгүлө. Достор бөлүшкүлө давай! Турдук! Мен аягына чейин турам! Площаддан кезигебиз!” деп элге чакырык таштады.

Акыркы кезде элди козутуп, дүрбөлөңгө салып, митингге чакырган экс-прокурорго укук коргоо органдары кандай чара колдонот болду экен…

https://www.youtube.com/watch?v=TB0_nDK6lNE&feature=emb_logo