Карантин көп нерсени ачыктап, он уктаса түшкө кирбеген, окуялардын бетин ачты. Кимдин ким экенин бет кап тактыруу менен, чыныгы жүзүнүн бет кабын сыйрыды. Мен жолдошумдун жалгызымын, ал мендик гана деп ойлоп жүргөн оюмдун бүгүн мынтип таш талканы чыкты. Мурда жумушка барып келип жүрүп байкатпаса керек. Үйдө болуп, өзүнчө бир орунда отура албай калган. Ии жумушу жок зериккен чыгар дедим.

Антпей эле бир кыз менен таанышып, аны менен смс аркылуу сүйлөшүп, менден жашырып жүргөн экен. Алардын жазышканын окуп жашоо токтоп калды. Ортобузда бир кыз бар, экинчиси курсагымда. Аны билип чуу салдым, мага катуу тийди, жолдошумдун бул жооругу.

Кайын эжелерим жабылып менин талабымды талашып, инисин тилдеп, кой эми жашсыңар, ал кыз менен жатып алган жок, сеники эле, ортодо кыз бар буйурса мына мына экинчиси төрөлөт деп сооротуп жатышты. Бирок, бүгүн смс жазса, эртең чалса, анан жолукса , менден кетип калсачы деген ой мээмден кетпей койду. Апама чалдым да, чакырып кызымды көтөрүп үйгө келе бердим.

Мен аны кызыктырбай калган үчүн башка менен жазышып жүрөбү? Же ал кыз өзү жабышып жатабы, билбейм .

Азыркы кыздарга да айла жок, үй бүлө бузгандын устасы болуп калышкан. Неге аялы бар эркектерге жармашат?

Курсагымды сылап апамдын үйүндө, кызымдын колун кармап отурам. Абалымды түшүндүрүп айтууга сөз жетпейт.

Сиздерден кеңеш күтөм. Бактым үчүн күрөшүү керекпи же ушунчасында жыйнаштырып салган оңбу?