Нарын шаарында ооруну алдын алууда алгылыктуу аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров билдирди.
Анын айтымында, коронавирус илдетине каршы иштеп жаткан дарыгерлер тийишттүү шарттар түзүлүп, тамак-аш камсыздалган.
«Ооруну мындан ары жайылтпоо максатында Нарын шаарынын мэриясы тарабынан 5 мобилдик топ уюштурулуп, алар эл арасында илдет тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, күнү-түнү ыкчам иш аткарып жатышат. Мобилдик топтун ишин жакшыртуу үчүн кызматкерлерге ысык тамак-аш жана жата турган жерлери камсыз кылынган», – деп билдирди Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров.