Москвада таң атты. Мен дагы деле ойгоо жатам. Азыр кайра жумушка кетем. Ойлоно берип кан басым жогорулаганга кулактарым чуулдап, башым лукулдап ооруп чыкты. Ушундан көрө аялың каза болду дегенде мага мынчалык оор тиймек эмес. Мен бул жерде эмне үчүн, ким үчүн жанталашып, кээде ачка, кээде муздап, үшүп, тоңуп жүрөм. Ушул ойлор мээмден кетпей койду. Каке жан алгычтай болбой сен деле айтпай койбойсуң деп ичимден досумду ашата сөгүп жаттым. Кечээги күндү эстедим. Жумушта балдар менен чогуу кыш тизип, Сапарды ырдатып, Равшанды бийлетип, ал көчүгүн чайпап кыстыр-кыстыр жокпу деп боорду эзе күлдүрүп, кечинде баарыбыз батирге келип жатып калдык.

Чарчап турсак да телефон чукумай адатка айланган. Айылда калган жанбиргемдин мага жиберген жылуу сөздөрүн күтөм. Эки баламдын кылыктарын көрүп эрерким кетет. Алардын жана жубайымдын кылыктанып түшкөн сүрөтүн жиберет. Жашоом жакшырсын деп бул жакта жүргөнүмө да 4 жылдан ашты. Адатымча чалкаман жатып телефон чукулап кирдим. Бир кезде Какеден узуун кат келди. Анда жан биргем башка менен жашап алганын, ал башка үйдүн артында жашаган кошунам Мелис экенин айтып, айылда алар тууралуу айың кеп жүрүп жатканын айтыптыр.

Алгач тамашасы катуу эле мунун деп, ишенбей жеңеме жаздым. Ал жай сурашып, жеңем байкуш акылдуу аял. Жаап жашырууга аракет кылды, бирок такып сурап туруп алдым. Акыры , ооба бала ушундай болду. Наркы кошуна түн ичинде тиши ооруп, саат үчтө сенин үйүңө дары сурап барып Мелис экөөн кармап алыптыр деди. Колумдан телофон түшүп, эриниме катуу тийди. Аны да карабай эртең барам дедим. Бирок кайра ойлондум, мен жок Мелис менен жаттыңбы деп бармак белем. Ары ойлонуп, бери ойлонуп жыйнап койгон акчамдын үстүнө дагы акча кошуп, беш алты жыл эч кимдин көзүнө көрүнбөй иштеп өзүмчө план түздүм. А дегенде эле алгачкы планым упсулуу, жапжаш кызга үйлөнүп, кымбат машине айдап барам да Мелис экөөнүн көзүнө тик карайм. Кийин башка пландарымды ишке ашыра баштайм. Азырынча ызырынып иштеп жатам. Эркек үчүн аялдын көзгө чөп салганын кечирүү кыйын экен. Эгер жанымда болсо балталап салсам керек эле.