2020-жылдын 20-21 май күндөрү Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан облус аймагында “Экстремист” аталышындагы ыкчам, алдын алуу жана  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анын алкагында 2020-жылдын 13-май күнү КРнын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Базар-Коргон районунун Н.Т. аттуу тургунунун жашаган турак-жайына тинтүү жүргүзүлүп, КРнын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна таандык болгон материалдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Мындан сырткары экстремизм багытында 2 өндүрүш иши ачылса,   уруксат документтери жок, мыйзамсыз келип иштеп жаткан чет элдик жарандар боюнча — 4 факты,  интернет тармактарында жалган маалымат тараткан  — 1 факты аныкталып, 1 даана мыйзамсыз ок атуучу курал алынган.

Ошондой эле мурда жасалган кылмыштар боюнча качып, издөөдө жүргөн 2 атуул кармалган.

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан тынымсыз жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында “Акрамий” диний-экстремисттик агымынан 3 адам, алар Сузак районунун тургундары 1971-ж.т. Б.К., 1982-ж.т. У.Ж. жана 1984-ж.т. У.Д. баш тартып, бул жол туура эмес экендигин айтышып, жаштарга ар кандай диний агымдардан алыс болуу керектигин билдиришкен.

Азыркы учурда Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында ар кандай диний агымдардын активдүү мүчөсү катары катоодо тургандардын жалпы саны 550гө чукул болсо, профилактикалык иштердин натыйжасында жыл башынан бери 23 атуул экстремисттик агымдардын мүчөлүгүнөн чыгарылган.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы