Бүгүнкү күндө Ат-Башы райондук ооруканасында коронавирус илдети менен ооруган бир дагы бейтап жок, 22-майда акыркы бейтап айыгып үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров билдирди.

«Мен жалпы жергиликтүү элге терең ыраазычылык билдирип кетем. Карантин убагында жалпы эл кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, санитардык-карантиндик талаптарды жакшы сактап жатышат”, — деп билдирди Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров.

Ал кошумчалагандай, райондун негизги багыты мал чарбачылыгына байланыштуу болгондуктан, малдын асымдуулугун арттыруу, таза кандуу сүт, эт багытындагы уйларды алып келүү боюнча иштери пландалган.

«Тоют өстүрүүдө жердин асымдуулугун көтөрүү, жер семирткичтерди себүү тууралуу маселелерди карап чыгуудабыз. Бүгүнкү күндө тоют маселесин жакшыртуу максатында дыйкандар үчүн эффективдүү жана арзан баада боло турган тоют кызылчасын айдоо пландалууда”, — деди Нурбек Сатаров.