АКШ президенти Дональд Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайен АКШ COVID-19 вирусуна каршы вакцина ойлоп тапкан биринчи өлкө болуп калат деп эсептейт.
Белгилей кетсек, Meet the Press программасынын түз эфиринде: «Кытай вакцинаны биринчи болуп таап калуусу мүмкүнбү?» – деген суроого О’Брайен«Менин оюм боюнча ал өлкө Америка болот» – деп жооп берген.
Жонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматтарына ылайык АКШда коронавирусту жуктуруп алуу учурлары 1,6 миллион болсо, анын кесепетинен улам 97 миңден ашык адам бул дүйнө менен кош айтышкан.