Биолог, БУУнун жаныбарларды коргоо жана биоартүрдүүлүк жаатындагы конвенцияларынын конференцияларынын катышуучусу Мария Воронцова РИА Новостиге коронавирус менен кайсы жаныбарлар ооруп калышы мүмкүн экендигин айтты.

Анын айтымында, аквариумда жашаган жаныбарлар, адамдардан коронавирусту жуктурушу мүмкүн.

«Вирустун кайсы жаныбарга жугуусун түшүнүү үчүн, жаныбарларды текшерип көрүүнү чечтик. Илимпоздор вирустун кайсы жандыктын клеткаларында вирусту өткөрүп бере турган рецепторлор бар экендигин аныкташууда. Жалпысынан жаыбарлардын 40 түрү, тактап айтканда, булардын бардыгы тиштүү киттер: дельфиндер, белугалар, киллер киттер, нарвалдар, ошондой эле тюлендер. Адам сымал маймылдар дагы коркунучка дуушар болушкан. Ошондуктан, Африкада гориллалар корголууда », — деди Воронцова.