Уул-келиндеринен кордук көрүп, өз үйүнө батпай ооруканада 1 жыл 3 ай жашаганын айтып чыккан 71 жаштагы Бурул Бекташеванын балдарын Жалал-Абад шаардык соту апасына айына 8 миң сомдон алимент төлөөгө милдеттендирди. Бул маалыматты Жалал-Абад шаардык прокуратуранын кызматкери, бул үй-бүлөнүн сотуна доогер катары катышкан Нуржамал Өмүрбекова ырастады.

Анын берген маалыматына караганда, мурунку шаар прокурору А.Мурзаев Бурул Бекташеванын укугун, мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоп, бойго жеткен балдарынан алимент өндүрүү боюнча сотко доо арыз берген. Ал сот жыйналышына шаар прокурорунун ишенимдүү өкүлү катары катышып жатат. 2020-жылдын 20-майында Жалал-Абад шаардык сотунда ачык сот болуп, доо арыз каралды.

Сот залында Бурул Бекташева үйүнөн чыгып кетип, ооруканада 1 жыл 3 ай жашап, сотко кайрылган соң үйүнө киргендигин, балдарынан кордук мамилелерин кечирбестигин, материалдык жардамга муктаждыгын айтып, балдарынан алимент өндүрүп берүүнү суранды.

Кызы Н.Бекташева мыйзамда көрсөтүлгөн өлчөмдө алимент төлөөгө макул экенин айтты. Ал эми 3 уулу анын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну, алар алимент төлөй албарын, жашоо шарттары туура келбей турганын, бирок колдорунан келишинче көмөк көрсөтүп жатышканын билдиришти.

Сот доо арызды карап, кызына март айынан тарта айына 3 миң сомдон, эки уулуна айына 2500 сомдон алимент төлөө милдеттендирилди.

«Бир уулу Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында өтө жакыр үй-бүлө катары тизмеде экендиги эске алынды», — дейт Н.Өмүрбекова.

Эске сала кетсек, Ь. Бекташева кичүү уулу менен келининен кордук көрүп, келини: «Идиш жуубайсың, от жакпайсың» деген сөздөр менен тилдегендиктен үйүнөн сиңдисиникине кетип, ал жакта жүргөн. Андан кийин экинчи уулуна келип, ал жерде да келини менен улуу батырбай айылдагы жеке менчик ооруканага 1 жыл 3 ай жашаган. Андагы оорукана жетекчиси Бегайым Таирова балдары энесинен кабар алганы келишпегенин айткан. Коомчулукка окуя жарыялангандан кийин айыл эли да жыйналып, бул үй-бүлөнү талкуулашып, эне-балдарды жараштырууга аракет кылган. Бирок майнап чыккан эмес.

Булак: Турмуш басылмасы