Түштүк Кореяда коронавирус инфекциянын кайра күчөшүнөн улам , мурда алынган чектөөлөр кайра киргизилди. Бул тууралуу Yonhap кабарлады. Агенттиктин айтымында, Сеулда мамлекеттик музейлер, театрлар жана галереялар кайрадан жабылган.

Бийлик  билим берүү мекемелериндеги чараларды күчөттү. Сеул жана анын чет жакаларында башталгыч жана орто мектептер окуучулардын санын чектөөгө милдеттендирилип,  окуучулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашпашы керек. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги мекемелердеги социалдык аралыкты милдеттүү түрдө сактоону эскертти.

Түштүк Кореянын Саламаттыкты сактоо министрлиги бир нече күн катары менен  инфекцияны жуктуруп алгандар көп каталууда. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө 11402 коронавирус жуктургандар аныкталып, 269 бейтап көз жумган.