Бээнин сүтү миң ооруга даба делет кыргызда илгертеден. Анткени жылкы баласы жаныбарлардын ичинен анча мынча ача туяктуулардай илдеттерге чалдыга бербеген, чөптүн түрүн тандап жеген төрт түлүктүн бири.

“Күндүзү кымыз, түнү кыз, күжүлдөгөн кыргыз”деп “Манаста” айтылгандай, элибиз кымызды жүзгө кызыл жүгүртүп, денеге күч-кубат берген дарылык касиети бар суусумдук катары тээ илгертен баалап, барктап келишкен.Улуттук суусумдугубуз болгон кымызды өз ченине жеткире жасаган, бүгүнкү каарманыбыз Барчынай айым. Ар жылы жаздан күзгө чейин Кыргыздын керемет, кооз жерлеринин бири болгон Сузак районуна караштуу Ак-Терек жайлоосунда жайлоолойт. 30 жылдан ашуун убактан бери жаз мезгилинен тартып, кеч күзгө чейин жайлоодо мал жандык менен алектенет.

Таң агарып баштагандан тарта күнүмдүк жумушу бээ сааш менен башталат.“Жайлоонун өзгөчөлүгү, көркү да мал асыроо менен болсо керек. Абасы таза, суусу дары. Биздин ата-бабаларыбыз мындан бир топ жыдан бери эле ушул жайлоодо отурукташып, мал жандык менен алектенип келишкен”деген каарманыбыз кымыздын дарылык касиетине жана жасалуу ыкмасына токтолду.

Кымыздын жасалуу ыкмасы.Кымызды даяр кылууда бир топ мээнет, эмгек талап кылынат. Бээни ар эки сатта саап турабыз. Бир күндө 5 же 6 жолу саалат. Бир бээден 1литрден 3литрге чейин сүт алабыз.Чаначтын тубүнө көрөнгө куюлат. Анын үстүнө жаңы саап келген сүттү куюп бышабыз. Ар сааган саамал чаначка куюлуп, утуру бышып отуруп 8 сааттан ашык убакта кымыз даамына кирет.Кымыз жасоодо эки нерсе маанилүү. Биринчиси быш, анан ыш. Кымыздын чаначын бир жумада эки жолу ыштап турабыз. Мүмкүн болушунча ак чечек дарагынын чириндиси менен ыштаган жакшы. Анткени өзгөчө даам берет.Кымыз даярдоодо керектүү буюмдар.- Чанач- бул кымыз куюлуучу идиш.

Эчкинин же кийиктин терисинен жасалат. Көчүп-конуп жүрүүгө, алыс жолго чыгууга, канжыгага байлап алууга өтө ыңгайлуу. Чаначты мезгил-мезгили менен ыштап, майлап туруу керек. Андагы куюлган кымыз бузулбай көпкө сакталат.

— Көнөк– шириден тигилген идиш. Ага бээ саалат, кымыз куюлат. Аны да убагы менен ыштап турса көпкө чейин колдонгону болот.- Саба–кымыз ачытылуучу шири идиш. Ал жылкынын, төөнүн, уйдун терисинен жасалат. Жакшы ышталып жасалган сабадан кымыз даамдуу болот.

— Көөкөр –бул да кымыз куюлуучу идиш. Орточо көөкөргө 4-5 литр кымыз батат.

— Бишкек –кымыз бышчу таякчаДарылык касиети.Азыр тоодо жашап, бээ байлаган кыргыздар гана кымызды күндө ичпесе, шаар жериндегилер сезондо дарылыкка деп саамал, кымыз ичкени келип турушат. Албетте айрымдар дарыгердин көзөмөлү менен, ички организмди тазалап, оорудан арылууга келишсе, айрымдар эс алганча улуттук суусумдук менен иммунитетти көтөргөнү келип турушат. Негизинен кымыз кандын гемоглабинин көтөрөт. Ашказан –ичегилердин иштешин жакшыртат, тамактын сиңишин жөнгө салат. Ички организмди толугу менен тазалайт.

Неберемди бээнин сүтү менен чоңойтком.Бээнин сүтү кары-жашка бирдей жакчу, дарылык касиети бар азык экенине ишенем. Неберем 5 айлык кезинде эле энесинин сүтүн эмбей койгон. Өзүм бээнин сүтү менен чоңойттум. Кудайга шүгүр азыр 4 жашта. Имунитети жогору. Кыштын суук күндөрүндө да тумоодон алыс.Акча деп акты сатпайбыз“Кыргызда үйгө келген конокко сөзсүз кымыз куюп узаткан. Биздин чоң аталарыбыз айтып калышчу. жолдон өткөн жоламандын да атын бери бурдуруп “кымыз ичип кет” деп чакырышчу экен. Акты сатпайт деп айтып калышчу.

Ал убакта ар бир үйдө бээ байланып,эч ким сатып ичүүгө муктаж болбосо керек. Азыр талап башкача. Сезондо кымыз сатып негизги кирешесин көргөндөр көп. Бирок биз сатуу үчүн жайлоодо жылкы байлабайбыз. Бизге келсе көбүнчө жоро-жолдоштор, дос –туугандар келишет. Алардан кантип пайда көрүүнү көздөйлү. Тескерисинче биздин пайдабыз тийсе ошол бизге жетиштүү” –деген каарманыбыз кымыздын касиетине кенен токтолду.

Нурия Осмонова, Жалал-Абад медиаборборунун “Акыйкат” гезитинин кабарчысы