1. Шымыңыз сөзсүз куру менен болушу керек. Мүмкүн болушунча туфли менен курдун (ремень) өңү бир түстө болгону жакшы.
2. Тырмактарыңызды караңыз. Аларды тегиздеп, жакшынакай кылып алсаңыз ашыкчалык кылбайт. Эгер ал үлпөт тоюңузга туш келсе, андан да жакшы. (кааласаңыз маникюр кызматынан пайдаланыңыз)
3. Жарыңыз менен сейилдөөгө чыкканда, шампанга караганда таттуу токоч менен жемиш ширеси (сок) көбүрөөк керек болот.
4. Бойдокчулук – эң сонун. Бирок бүлөө күтүү андан да жакшы экендигин эске алыңыз.
5. Сакал-муруттарыңызды алуу керек болсо, кечинде алып алганыңыз жакшы. Тоюңуз күнү мындай майда барат нерселер эсиңизден да чыгып калуусу мүмкүн.
6. Сөзсүз түрдө чөнтөгүңүзгө бет аарчы салып алыңыз. Эмне үчүн деп суроонун кажети жок. Биз айтып жаткан соң , салып алыңыз!
7. Эгер үлпөт тоюңуз кыш мезгилине туура келсе. Жарыңызга көйнөгүнө жарашыктуу, апакай жылуу өтүк алып бериңиз.
8. Костюмду кийин деле кие берем дебей, үлпөт той үчүн жарашыктуусун сатып алууга аракет кылыныз. Ал бир гана жакшы саамалык үчүн болушу керек.
9. Костюмдун кебези бир тарапка сүрүлүп, топтолуп сизге ынгайсыздык жаратпашы керек. Ошондуктан сапатына көңүл буруңуз.
10. Сызыкчасы бар же тегерек, торчо сүрөттөр түшүрүлгөн галстуктар жарабайт. Андан көрө бир түстүү галстук тагынган жарашыктуу.
11. Эгер тоюңуз кыш мезгилине туш келсе, бир түстүү пальто кийип алыңыз. Баса, сүйүктүүңүз да жылуу кемзир кийүүсү керек.
12. Кечке эле уюлдук телефонду кармалай берүү бул айланаңыздагы адамдарга жагымсыздык жаратышы мүмкүн. Ошондуктан досуңузга карматып коюңуз.
13. Жашооңуздагы маанилүү күндө сиздин досторуңуз, санаалаштарыңыз да маанай чөктүрбөй тургандай жарашыктуу кийинүүсү керек.
14. Кара түстү аза күтүү өңү деген ойдон алыс болуңуз. Анткени кара өңдөгү кийимдер бардык адамга жарашат.
15. Пушту түстөгү көйнөк кийсеңиз жарыңыздын дестесиндеги гүлдөрдүн түсү менен айкалышып жакшы композицияны жаратып турат.
16. Ар дайым жылмайып жүрүңүз. Бактылуу экениңизди баары билсин.
17. Сиз үчүн айтылган ар бир тосттун эле алкагында иче бергенге болбойт. Досторуңуз өтүнүп жатса да, сүйүктүүңүздүн маанайы үчүн алкоголдук ичимдиктерден баш тартканыңыз оң.
18. Сүйүктүү Adidas байпагыңызды коюп, жаңы байпак сатып алууну унутпаңыз.
19. Чоң, калың курду клубка же джинсы шымдар үчүн алсаңыз болот. Ал эми тоюңуз күнү канчалык жөнөкөй, ашыкча жасалгасы жок кур тагынсаңыз ошончолук кооз көрүнөт.
20. Таңдан мен сүрөткө түшүүнү жактырбайм деген ойлорду айтсаңыз, өзүңүздүн да сүрөтчүнүн да маанайын түшүрөсүз…Ошондуктан мындай идеяңызды ката турганыңыз оң.
21. Той күнү сейилдөө учурунда тамеки тартпаңыз. Бул адатыңызды сүйүктүүңүз жактырбашы мүмкүн. Ошондуктан тамеки тартпай, бактылуу мүнөттөрдү жагымдуу элестер менен өткөрүңүздөр.
22. Аты жок манжаңыздагы нике шакегин тигинен көрсөтпөй, бардык манжаларыңызды жайган абалда гана көрсөтүңүз.
23. Ал эми лимузин унаасына 2-3 адамдан ашыкчасын жайгаштыруу сунушталбайт. Аз адам кетсеңиздер ошончолук кенен кетесиздер.
24. Ак байпакты майрамдарга кийүү бул шарт эмес. Өзгөчө кара түстөгү туфли менен.