Associated Press басылмасынын билдирүүсү боюнча АКШда Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу келип чыккан нааразылык акцияларынын жүрүшүндөгү башаламандыктарга байланыштуу бери дегенде 11 адам каза болгон.

Өлүмгө дуушар болгондордун көпчүлүгү Чикаго, Детройт, Омаха, Деверпорт, Окленд жана Луисвилль шаарларынын тургундары жана дээрлик кара денелүү адамдар. Мындан сырткары жүздөгөн адамдар жабыр тартып, беш миңге чукул адам камакка алынган.

Белгилей кетсек, Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу келип чыккан массалык башаламандыктардын болуп жаткандыгына сегиз сутка болду. Ушундан улам АКШнын 40 шаарында коменданттык саат киргизилген, анын ичинде Вашингтон, Лос-Анжелес, Нью-Йорк шаарлары дагы бар.